• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Өкмөт кумшекер жана өсүмдүк майын экспорттоого тыюу салды - министр

Экономика 0

Бишкек, 18.03.21. /Кабар/. Өкмөт кумшекер жана өсүмдүк майын экспорттоого тыюу салды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү брифингде КРнын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.

Анын айтымында, 2020-жылга карата маалымат боюнча, кумшекердин 56%ы ата мекендик компаниялар тарабынан өндүрүлөт, калган 44%ы коңшу өлкөлөрдөн импорттолот. Россия, Казакстан жана Тажикстанда кумшекердин баасы өскөнүнө байланыштуу Кыргызстанда да социалдык керектөөдөү азык-түлүктөргө баанын өсүү тенденциясы байкалууда.

“Азыркы учурда өлкөдө эң керектүү азыктардын тартыштыгына жол бербөө жана алардын баасын түшүрүү үчүн КР премьер-министри Улукбек Марипов токтомго кол койду, ага ылайык, өлкөдөн кумшекер жана өсүмдүк майын экспорттоого тыюу салынат”, - дейт министр.

Белгилүү болгондой, азыркы учурда эң зарыл болгон азык-түлүктүн жетишсиздиги байкалбайт, мындай чара аргасыздан жана убактылуу болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий