• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өкмөт Сирияга кыргызстандыктарды келишим менен жөнөтүүгө карата маалыматтык манипуляцияны колдонбоого чакырат

Саясат 0

Бишкек, 03.10.17 /Салтанат Абдраева – Кабар/. Өкмөт премьер-министр Сапар Исаковдун Сирияга кыргызстандыктарды келишим менен жөнөтүү тууралуу маалыматына карата маалыматтык манипуляцияны колдонбоого чакырат.

Белгилей кетсек, кечээ РИА Новости сайтында Кыргызстан Сирияга келишимдик негизде аскерлерди жөнөтүү маселесин карап чыгууга даярдыгы тууралуу маалымат чыккан. Премьер россиялык ЖМКларга интервьюсунда Кыргызстан Сириядагы деэскалация аймактарына аскерлерди жөнөтүү тууралуу расмий сунуш албагандыгын, Бишкек ал жакка келишимдик негизде жөнөтүүнү карап көрмөктүгүн белгилеген.

Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Гүлнура Торалиева РИА Новостинин маалыматына түшүндүрмө берди.

“Премьер-министр Сапар Исаковдон Кыргызстан Сирияга аскерлерди жибере алабы деп сурашкан, бул суроого ал расмий сунуш түшпөгөнүн айткан. Ал “биз аскерлерибизди жибере албайбыз” деп так айткан. Суроо андан ары мындай сунуш түшсө, өлкө эмне кыларын сурап улангандыктан, Сапар Исаков маселе ЖККУ жана БУУ КК алкагында, ошондой эле өлкө парламенти тарабынан караларын билдирген”, - деп жазат Торалиева Facebook баракчасында.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын башчысы шайлоо алдындагы күрөштө “катуу” аталыштарды колдонгондордун баары өкмөт башчысына эле эмес, бүтүндөй өлкөгө зыян келтирип жатканын баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий