• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өкмөт социалдык коргоо тутумун санариптештирүү үстүндө иш алып барат - премьер-министр

Өкмөт 0

Бишкек,12.11.18./Кабар/. «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү социалдык коргоо тутумун санариптештирүү үстүндө иш алып барат. Көп балалуу үй-бүлөлөргө, кары-картаңдарга, мүмкүнчүлүгү чектелген жактарга, өзгөчө мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга карата социалдык тейлөө тармагы кеңейтилет», – деп билдирди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин кеңейтилген жыйынынын жүрүшүндө.

Өкмөт башчы белгилегендей, социалдык төлөмдөр механизмин оптималдаштыруу жана жарандардын айрым категорияларына даректүү көмөк көрсөтүүнү оптималдаштыруу боюнча иштер улантылат.

«Алсак, «балага сүйүнчү» жөлөк пулуна тийиштүү билдирсек, аны бирдиктүү терезе принциби боюнча тариздөө пландаштырылууда, мында мамкаттоо органдары тараптан калктан арыз алынып, баланын туулгандыгы туралуу күбөлүгү кошо жасалат, башкача айтканда, «балага сүйүнчүнү» тариздөө жана акча каражаттарын которуу тездетилген режимде жүргүзүлөт», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр социалдык тейлөөлөрдүн талап кылынган түрүн, анын ичинде мүмкүнчүлүгү чектелген жактардын ийгиликтүү социалдык интеграцияланышы үчүн, алардын потенциалын ишке ашырууга бирдиктүү шарт түзүүчү даректик көмөк көрсөтүү механизмдерин өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи.

«2019-жылы Кыргыз Республикасы тараптан БУУ Майыптардын укугу тууралуу конвенция ратификацияланышы күтүлүүдө. Аз камсмыздалган жана эмгекке жөндөмсүз жарандарга социалдык жөлөк пулдар толук жана өз учурунда төлөнүп берилет», – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчынын айтымында, 2019-жылы билим берүүнүн мазмунун жаңыртуу пландаштырылууда, эрте өнүктүрүү жана мектепке чейинки билим берүү программасына балдарды тартууну көбөйтүү каралууда.

«Билим берүүдө балдарды эрте өнүктүрүү жана мектепке чейинки билим берүү маанилүү багыттар болуп саналат, алардын алкагында жакынкы жылдары мектепке чейинки билим берүү менен 80%га чейин камтуу пландаштырылууда. Биздин күч-аракеттер жаңы мектептердин курулушун так пландаштырып, реалдуу муктаждыкка карап салууну көздөйт. Эл аралык тажрыйбаларды эске алып, мамлекеттик бюджеттен тышкары мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциби боюнча жеке ишкерлердин бала бакчаларды салуусу каралууда. Ошол эле мезгилде ал бала бакчалар мамлекет тарабынан ишмердүүлүк салыгынан бошотулат», – деди ал.

Мухаммедкалый Абылгазиев ошондой эле кошумчалагандай, саламаттык сактоо тармагындагы мамлекеттик саясат адамдын өмүрүнүн бардык курактарында ден соолугун сактоо, чыңдоо, ооруну алдын алуу үчүн шарттарды түзүүгө багытталат.

«Натыйжалуу, жеткиликтүү, сапаттуу жана коопсуз медициналык кызматтарды пландаштыруу, уюштуруу жана көрсөтүү тутуму жарандардын муктаждыктарына багытталат. Баштапкы деңгээлдеги иштер күчөтүлөт. Бул адамдарда оорулардын жайылып, же өнөкөткө айланып кетпешин алдын алууга шарт түзөт. Бул багытта үй-бүлөлүк дарыгерлерге жана медперсоналдарга айлык маянасына кошумча үстөк төлөөнүн жаңы түрү кирди», – деп белгиледи Өкмөт башчы.

Ошону менен бирге Премьер-министр белгилегендей, дүйнөдө республиканын позитивдүү образын жаратуу үчүн маданият тармагында бирдиктүү маданий мейкиндикти, анын социалдык баалуулуктарын жана тарыхый-маданий өз алдынча жекелешүүсүн сактоону жана бекемдөөнү шарттаган улуттук фильмдерди чыгарууга мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн артыкчылыктуу механизмин натыйжалуу түзүү пландаштырылууда.

Пикир

Оставить комментарий