• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өкмөт «Төө Ашууда» акы төлөнүүчү туннель курууну сунуштоодо. Сынак жарыяланды

Коом 0

Бишкек, 05.08.20. /Кабар/. Кыргыз өкмөтү Бишкек-Ош жолундагы «Төө Ашуу» ашуусунда акы төлөнүүчү туннель куруу демилгесин сунуштоодо. Бул тууралуу Транспорт жана жол министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ага байланыштуу бүгүн министрликте атайын жыйын болуп өткөн. Жыйында Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министри Жанат Бейшенов, Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин директору Адилбек уулу Шумкарбек жана Экономика министрлигинин ѳкүлү катышты.

К.Колбаева атындагы туннель - Бишкек-Ош автожолунда жайгашкан стратегиялык маанилүү объект болуп эсептелип, республиканын түндүк жана түштүк аймактарын бириктирип, деңиз деңгээлинен 3200 метр бийиктикте, узундугу 2,6 км, бийиктиги 5,8 м, жол жабуусу 6,6 м болуп, 1962-жылы курулган, акыркы жолу 2000-жылы реконструкцияланган.

Бул туннелдин техникалык параметрлери жүк ташуучу унаалардын бир тараптуу режимде гана өтүшүнө мүмкүндүк берет. Жай мезгилинде Бишкек-Ош унаа жолундагы унаалардын кыймылынын максималдуу интенсивдүүлүгү күнүнө 6 миң автомашинага жетет жана жүк ташуу ылдамдыгынын жылдык өсүү темпи 3-5%ды түзөт, алдын-ала эсептөөлөр боюнча туннелдин өткөрүү мүмкүнчүлүгүнүн камдыгы 7-8 жылды түзѳт .

Туннелдин татаал географиялык жайгашуусу, автоунаалардын системалуу тыгыны, эки тараптуу кыймылдын камсыз болушунун татаалдыгы, жол кырсыктарынын келип чыгышы туннелдин моралдык эскиришинин себептери болуп, акыркы он жылдыкта бул багытта коопсуз жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдүн агымын көбөйтүүгө тоскоол болгон гана эмес, эксплуатациялык транспорттук чыгымдарды көбөйүшүн шарттаган.

Ушуга байланыштуу өкмөт учурдагыга караганда 1000 метр төмөн жаңы заманбап жана коопсуз туннель курууга ниеттенүүдө жана ал эски туннелге альтернатива болот.

Бул долбоорду ишке ашыруунун масштабын, тажрыйбанын жана туннелди куруу үчүн өздүк финансылык ресурстардын жоктугун эске алуу менен өкмөт жалпыга таанылган эл аралык ишкердик кадыр-баркка ээ жана ушул сыяктуу долбоорлорду жүзөгө ашырууда ийгиликтүү тажрыйбасы бар инвесторлорду тартууну чечти, бул өлкөнүн инвестициялык имиджин жакшыртып гана койбостон, мамлекеттин ичиндеги экономикалык ишкердүүлүктү активдештирет.

Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен өкмөт бекитилген шарттарга жана критерийлерге ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун боюнда «Төө Ашуу» ашуусунда альтернативдик акы төлөнүүчү туннелин куруу боюнча демилгени ишке ашыруу үчүн билдирмелерди чогултуу жөнүндө билдирет.

Кызыккан тарап төмөнкү дарек боюнча байланышса болот: +996 312 623853, же электрондук почта дареги боюнча: mail@invest.gov.kg, шарттары жана критерийлери түздөн-түз өтүнмө ээсине жөнөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий