• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өкмөт тарабынан коронавирустун жайылышын алдын алуу боюнча көрүлгөн чаралар

Өкмөт 0

Бишкек, 14.03.20./Кабар/. Кыргыз Республикасына коронавирус инфекциясынын кирүүсүнүн жана андан ары жайылышынын алдын алуу максатында тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан зарыл чаралар көрүлүүдө.

Республикалык штаб тарабынан иш-аракеттердин алгоритми кабыл алынып, анда коронавирустун келүүсүнүн алдын алуу боюнча тармактык органдардын аракеттери жана инфекция аныкталган учурдагы аракеттер белгиленген.

Бүгүнкү күнү дүйнөдөгү кырдаалды эске алуу менен медицина кызматкерлери, эпидемиологдор, обсервация кызматкерлери, санитардык дарыгерлер, тез жардам кызматынын жана башка ыкчам кызматтардын адистери иштерин улантып, күнү-түнү нөөмөттө турушат.

- 13-марттын таңына карата карантин шартында медициналык байкоого 303 адам алынган. Бүгүнкү күнү бул максаттар үчүн 1602 орун даярдалган. Зарылдыгына жараша орундар көбөйтүлөт.

Дагы 181 адам жашаган жери боюнча медициналык байкоодо турат. Бардыгынын абалы канааттандырарлык. Жашаган жери боюнча 14 күндүк карантинден 1148 адам чыгарылды.

– Кыргыз Республикасынын 14 күндүк карантиндеги жарандарынын уюлдук телефондору, планшеттери, ноутбуктары алынбайт.

– айрым дарыканаларда медициналык беткаптардын жоктугу өндүрүүчү өлкөлөр (кыргызстандык компаниялар Кытай, Россия, Казакстандан импорттошкон) коронавирус боюнча дүйнөдөгү кырдаалдын өзгөрүүсүнө байланыштуу беткаптарды ташып чыгарууга тыюу салышкан.

– Бир катар кыргызстандык компаниялар медициналык беткаптарды өндүрүүнү баштады, алар жакынкы күндөрү өлкөнүн дарыканаларына түшө баштайт.

– Күнүмдүк керектелүүчү проуктулардын баасынын жогорулашы байкалган жок. Антимонополиялык жөнгө салуу агенттигинин кызматкерлери эң биринчи кезекте керектелүүчү товарлардын баасына мониторинг жүргүзүүдө.

– Өлкөнүн бардык райондорунда санитардык кызматтардын адистери коомдук тамактануу жайларын, мечиттерди, коомдук унааларды (маршруттук таксилер, автобустар, троллейбустар) дезинфекциялоо иштерин улантышууда. Билим берүү мекемелеринде имараттарды дезинфекциялоо боюнча иштер күчөтүлдү.

– Өлкөнүн билим берүү мекемелеринде окуучулар арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө, балдарга өздүк гигиена, сасык тумоо жана курч респиратордук жугуштуу инфекцияларды алдын алуу эрежелери, анын ичинде коронавирс тууралуу айтып беришүүдө.

– 2020-жылдын 13-мартына карата коронавируска 1545 адам текшерилген, бардык изилдөөлөрдүн жыйынтыгында инфекция аныкталган жок. Дагы 310 адам кайра анализ тапшырган, жугуштуу оору чыккан эмес.

– Өндүрүүчүнүн нускамасына ылайык, тест-системалардын өзгөчөлүгүнө ылайык 95-99%. Мындай өзгөчөлүк жана жогорку сезгичтик аркылуу вирус инкубациялык мезгилде ПЧР анализ ыкмасы менен реалдуу мезгил режиминде аныкталат. Тесттин узактыгы орточо 5 саат.

– Бүгүнкү күнү вирусту аныктоо үчүн кеминде 10 миң тест-система бар.

– Коронавирусту аныктоо үчүн адистер ПЧР-тестинен өткөрүүдө. Тест – система Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан бекитилип, сунуш кылынган. Тесттер жыйынтыктоочу скрининг болуп саналат.

– Коронавирустун анализдери Оорулардын
алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл
департаментинин эки лабораторияда текшерилет. Лабораториялардын бардык адистери ПЧР анализ жана интерпретация ыкмалары менен окуудан өтүшкөн, ошондой эле жогорку тактыктагы заманбап жабдуулар менен жабдылган.

Республика боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын
алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл
департаментинин 6 лаборатоиясы ПЧР жабдуулары менен жабдылган жана жаңы коронавируска изилдөөлөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгү бар. Бир лаборатория күнүнө 150 изилдөө ишин жүргүзө алат.

Массалык түрдө анализ тапшыргандар болсо кошумча 4 лаборатория даярдалды.

– Республикада коронавирусту аныктоочу Россия, Түркия жана Германия өндүрүшүнөн чыккан реагенттер бар. Жакында эле россия тарап реагенттин кезектеги партиясын берди.

– Коронавирусту аныктоо боюнча лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө лабораториялардын даярдыгын, андагы адистердин компетенттүүлүгүн текшерүү үчүн 2020-жылдын 24-февралынан 1-мартына чейин 2 лабораториянын базасында Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эксперти Мая Станович иштеди.

– Коронавирус чыккан өлкөлөрдөн Кыргызстанга келгендер үч категорияга бөлүндү. Биринчи категорияга Кытай, Италия, Иран, Республикасы, Франция, Германия жана Испания кирди. Акыркы 30 күн жогоруда айтылган өлкөлөрдүн аймагында болгон, анын ичинде транзит менен келген бардык чет өлкөлүк жарандар Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүнө тыюу салынды.

Биринчи категориядагы өлкөлөрдөн, анын ичинде транзит менен келген Кыргыз Республикасынын жарандары атайын өзүнчө бөлүнгөн жерде 14 күндүк обсервацияга жаткырылат. Бул категорияга ID-карта, жалпы жарандык, кызматтык жана дипломатиялык паспорту бар Кыргыз Республикасынын бардык жарандары кирет.

– Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эксперртери коронавирус кандайдыр бир почта аркылуу жиберилген зат жана буюм-тайымдар же предметтер аркылуу жукпарын айтууда.

«Почта аркылуу келген зат же буюм-тайымдарды алуу менен коронавирус жуктуруп албайсыздар. Коронавирусту аныктоо тажрыйбасы бул типтеги вирус кат, почталык жөнөтмөлөр жана баштык сындуу предметтерде жашоого жөндөмдүүлүгү көпкө сакталбары аныкталды», - деп билдирет Буткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунан.

- Ирандын аймагында турган кыргызстандык жүк ташуучуларга байланыштуу кырдаал чечилүүдө. Жүк ташуучулардын бир бөлүгү мекенге транзит менен Азербайжан, Россия жана Казакстан аркылуу келе жатат.

– Diamond Princess саякат кемесинде болгон кыргызстандык Бишкекке келди. Андан коронавируска анализ алынып, жыйынтыгы жакшы чыкты. Карантиндин 13чү күнүндө кайра дагы бир жолу анализ алынат. Андан кемеде болгон кезинде коронавирустун бар же жогун аныктоо үчүн бир нече жолу анализ алынган. Биринчинин жыйынтыгы жакшы чыкса, андан кийинкиде инфекция бар экендиги билинген, бирок үчүнчү, төртүнчү кайра таз чыккан.

- Эпидемиологиялык кырдаал дурус эмес өлкөлөрдө болбогон жана мындай мамлекеттердегилер менен контакт түзбөгөн кыргызстандыктардын коронавируска анализ тапшыруусунун зарылдыгы жок.

Пикир

Оставить комментарий