• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Өкмөт: Тогуз айда жарандардан төрт миңден ашуун кайрылуу келип түштү

Өкмөт 0

Бишкек, 11.10.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын көзөмөл жана жарандардын кайрылуулары секторуна 2019-жылдын 9 айында 3329 жазуу түрүндө жана 776 оозеки кайрылуу келип түшкөн, алардын ичинен:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынан - 511 (15, 3%);

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен – 579 (17,3 %);

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Коомдук кабылдамасына жеке кабыл алууга жарандардан жазуу түрүндө берилген кайрылуулар – 454 (13,6 %);

- www.kattar.kg электрондук порталы аркылуу келип түшкөн кайрылуулар – 433 (13,0 %);

- башка байланыш каражаттары аркылуу келип түшкөн кайрылуулар (экспедиция, почта, фельдбайланыш, курьердик жеткирүү, Кыргыз Республикасынын Өкмөт Үйүнүн корреспонденция үкөгү) – 1352 (40,8 %).

Мындан тышкары көрсөтүлгөн убакыттын аралыгында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан кабыл алган 253 жарандын кайрылуусу Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Коомдук кабылдамасына келип түшкөн, алардын 59ун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жетекчилиги кабыл алган. Кайрылган жарандар кызыккан маселелери боюнча толук түшүндүрмөлөрдү жана кеңештерди алышкан.

Ошондой эле республиканын бардык аймактарынындагы жарандардан, КМШ өлкөлөрүнүн жана алыскы чет өлкөлөрдөгү жашоочулардан кайрылуулар келүүдө. Арыздар, даттануулар жана сунуштар төмөнкү аймактардан көп келди:

- Бишкек шаары - 1233 (37 %);

- Чүй облусу - 587 (17,6 %);

- Жалал - Абад облусу - 413 (12,4 %);

- Ысык – Көл облусу - 257 (7,7 %);

- Ош облусу - 219 (6,6 %);

- Баткен облусу - 184 (5,6 %);

- Нарын облусу - 183 (5,5 %);

- Ош шаары - 143 (4,3 %);

- Талас облусу - 90 (2,7 %);

- КМШ өлкөлөрү жана алыскы чет өлкөлөрдөн – 20 (0,6 %).

Негизинен кайрылгандарды карыялар, пенсия курагындагы адамдар жана социалдык аярлуу категориядагы жарандар түзөт.

Жарандардын кат түрүндөгү (электрондук), оозеки бардык кайрылууларын тематикалары боюнча төмөнкү багыттарга бөлүүгө болот:

- агро өнөр жай комплекси, дыйкан жана мал чарба, жер маселелери – 295 (8,8 %);

- укук тартиби жана коопсуздук маселелери – 287 (8,6 %);

- социалдык кызматтардын иши, пенсиялар, жеңилдиктер, жөлөкпул жана материалдык жардам көрсөтүү боюнча кайрылуулар – 279 (8,3 %);

- билим берүү жана илим маселелери – 275 (8,2 %);

- жер жана турак жай маселелери – 261 (7,9 %);

- курулуш, архитектура, турак жай-коммуналдык чарба – 150 (4,5 %);

- кадрдык камсыздоо, эмгек талаштары жана айлык акы маселелери – 144 (4,4 %);

- саламаттык сактоо маселелери – 129 (3,9 %);

- жана башкалар – 1509 (45,4 %).

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына келип түшкөн бардык кайрылуулар мыйзамда белгиленген мөөнөттө катталат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүктөрүнө, Кыргыз Республикасынын министрликтерине жана ведомстволоруна (компетенциясы боюнча) кароого жиберилет, бул кайрылуудагы суроолордун бардыгына жооп жөнөтүүгө шарт түзөт.

Белгилей кетсек, жарандардын министрликтерге жана ведомстволорго айрым кайрылуулары боюнча авторлор тарабынан көтөрүлгөн маселелерди изилдөө жана келтирилген фактыларды текшерүү үчүн авторлордун өздөрүнүн катышуусунда жумушчу топ түзүлгөн. Аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча көптөгөн көйгөйлүү маселелер чечилген.

Пикир

Оставить комментарий