• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргыз өкмөтү «тонировканы» мыйзамдаштырууну карап жатат

Коом 0

Бишкек. 16.04.19 /Кабар/. Кыргыз өкмөтү автоунаалардын айнегин караңгылатууну («тонировка») мыйзамдаштыруу маселесин карап жатат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Замирбек Аскаров 15-апрелде Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында айтты.

«Бюджетке кошумча каражат түшүрүү үчүн «тонировка» боюнча депутаттардын сунушун эске алуу менен биз өкмөттө маселе көтөрдүк. Бир машинеге жылына 400-500 доллардын тегерегинде деп мыйзам долбоорун карап жатабыз. Мындан кошумча каражат түшөт», - деди Аскаров.

Буга чейин парламент депутаттары Дастан Бекешев жана Исхак Пирматов «тонировканы» мыйзамдаштырууну сунуш кылышкан. Бекешев жыл башында тиешелүү мыйзам долбоору да даяр экенин билдирген.

Мыйзам боюнча автоунаасынын айнегин караңгылатып жүргөн айдоочуларга салынчу айыппулдун өлчөмү жеке жактар үчүн 3 миң сом болсо, юридикалык тараптар үчүн 13 миң сом.

Пикир

Оставить комментарий