• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Өкмөт «убактылуу» айдоочулук күбөлүктөрдүн жарактуулук мөөнөтүн 2020-жылдын 15-февралына чейин узартууга ниеттенүүдө

Өкмөт 0

Бишкек, 21.12.19. /Кабар/. Белгилүү болгондой, 2019-жылдын декабрынан тарта Кыргыз Республикасында жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр бериле баштаган.

Бүгүнкү күнү 2019-жылдын 31-декабрына чейин жарактуулук мөөнөтү менен берилген айдоочулук күбөлүктөрдү (шарттуу түрдө «убактылуу» деп аталган) туруктууга алмаштыруу иштери жүрүп жатат.

Улуттук айдоочулук күбөлүктөрдү алгачкы жолу салтанаттуу тапшыруу 2019-жылдын 11-декабрында «Унаа» мамлекеттик ишканасынын Бишкек шаарындагы бөлүмүндө өткөн.

Айдоочулук күбөлүктөрдү берүү штаттык режимде жүрүп жатат. «Унаа» мамлекеттик мекемесинин аймактык түзүмдүк бөлүктөрүнө жеткирүү «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасы тарабынан жүргүзүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу учурундагы узун кезектерди эске алуу менен, бардык жарандар жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөргө алмаштырып жетишүүсү үчүн «убактылуу» айдоочулук күбөлүктөрдүн жарактуулук мөөнөтүн 2020-жылдын 15-февралына чейин узартууга ниеттенүүдө.

Учурда тиешелүү чечимдин долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында макулдашылып жатат.

Пикир

Оставить комментарий