• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өкмөт Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук мамлекеттик инспекциясын жоюуну пландаган жок

Коом 0

Бишкек, 14.09.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Зиядин Жамалдиновдун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук мамлекеттик инспекциясы жоюулары тууралуу билдирүүсүнө карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты төмөнкүлөрдү маалымдайт.

2014-жылдын 29-майында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык биримдигине кошулуу «Жол картасынын» 107-пунктуна ылайык карантиндик фитосанитардык контролдоо жана көзөмөлдөө функцияларын аткаруучу мамлекеттик орган түзүү пландалган.

Алынган милдеттерди аткаруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук мамлекеттик инспекциясы түзүлгөн.

Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-ноябрындагы № 576 «Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги жөнүндө» токтомуна ылайык Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдүн карантини департаменти түзүлөт.

Муну эске алуу менен экспорттук потенциалды жакшыртуу жана мамлекеттик органдардын ишмердигинде функциялардын кайталанышын четтетүү максаттарында фитосанитардык көзөмөлдөө милдетин аткарууну бир мамлекеттик органга өткөрүп берүү каралган.

Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун долбоорун даярдап, белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кароосуна сунуштаган.

Көрсөтүлгөн токтом долбоорунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын фитосанитардык коопсуздук боюнча функциялары менен кошо аталган функцияларды аткарган 39 штаттык бирдигин Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине өткөрүп берүү сунушталууда.

Аны менен бирге белгилей кетүүчү жагдай, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы ветеринардык коопсуздукту сактоону камсыздаган 1041 штаттык бирдигин сактап калат.

Эскерте кетсек, ЕАЭБке мүчө мамлекеттердин бардыгында фитосанитардык коопсуздукту сактоо функциялары алардын Айыл чарба министрликтерине жүктөлгөн.

Ошентип Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясын жоюуну пландаган жок.

Пикир

Оставить комментарий