• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өкмөт Ысык-Көл облусунун актуалдуу маселелерин жана келечек пландарын талкуулады

Өкмөт 0

Бишкек, 14.12.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Дайыр Кенекеев бүгүн, 14-декабрда, Ысык-Көл облусун өнүктүрүүнүн келечектүү пландарын талкуулоо боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү билдирди.

Кеңешме өлкөнүн бардык министрлик жана ведомство жетекчилеринин катышуусунда аймактардын көйгөйүн ыкчам чечүү боюнча үзгүлтүксүз жолугушуулардын алкагында өткөрүлгөн. Мурда мындай кеңешмелер Баткен, Нарын, Ош жана Чүй облустары боюнча өткөрүлгөн.

Кеңешменини жүрүшүндө Дайыр Кенекеев Ысык-Көлдүн жээгиндеги айланма жолдун (Балыкчы-Корумду) курулушун мөөнөтүндө бүткөрүү, Түп-Кеген трассасын оңдоо, ошондой эле аймактын ички жолдорун жакшыртуу жана облус калкын ичүүчү таза суу менен камсыздоо зарылдыгын белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев өз сөзүндө белгилегендей, аймакты өнүктүрүүдөгү келечектүү багыттардын бири катары туризм эсептелет.

«Аталган сектор өзгөчө көңүл бурууну талап кылат, туристтик индустрияны жеткиликтүү уюштурууда бул келечекте жумушчу орундардын санын көбөйтүүгө, инвестициялардын келүүсүнө жана өлкө бюджетинин киреше бөлүгүнүн жогорулашына алып келет», – деди ал.

Буга катар Узарбек Жылкыбаев чечүүнү талап кылган аталган тармактагы бир катар көйгөйлөрдү белгилеп кетти, алардын катарына Ысык-Көл облусундагы туристтик объектилердин жалпыга таанымал классификациялоо стандарттарын иштеп чыгуу, дагы бир тоо лыжа базасын куруу жана башка маселелер кирет.

Анын айтымында, чечүүгө муктаж болгон социалдык көйгөйлөргө облустагы мектептердин, бала бакчалардын, медициналык кызматкерлердин, тез жардам унааларынын жетишпегендиги кирет.

Ысык-Көл облусун өнүктүрүүнүн келечектүү пландарын талкуулоодо Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү 2020-жылдан тарта полиэтилен баштыктарын жана пластик бөтөлкөлөрдү пайдаланууга тыюу салууну киргизүүнү сунуштады. Ошондой эле пилоттук долбоор катары Ысык-Көл облусунда экологиялык милицияны түзүү сунушталды

Мындан тышкары, Узарбек Жылкыбаев мамлекеттик орган жетекчилеринин жер-жерлердеги абал менен жакындан таанышуу максатында аймактарга үзгүлтүксүз чыгып туруу зарылдыгы тууралуу пикирин билдирди.

Вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев белгилегендей, «Жаңы доорго кырк кадам» программасынын келечектүү багыттарынын бири – өлкө аймактарынын инфраструктурасын жакшыртуу жана өнүктүрүү. Буга байланыштуу мамлекетик органдар жергиликтүү бийлик менен биргеликте облустагы көйгөйлөр боюнча натыйжалуу чечимдерди кабыл алуусу, аймактарга болгон тийиштүү графикти түзүүсү, аймактардагы министрлик жана ведомстволордун аймактык түзүмдөрүн координациялоону күчтөндүрүүсү зарыл.

Жыйынтыгында Дайыр Кенекеев айтылган сунуштар эске алынып, Ысык-Көл облусун өнүктүрүүгө багытталган Иш-чаралар планына киргизилээрин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий