• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өкмөт: Ысык-Көлгө эс алууга бара тургандарга атайын талаптар коюлат

Коом 0

Бишкек, 19.05.20. /Кабар/. Ысык-Көлгө эс алууга бара тургандарга атайын талаптар иштелип чыгат. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, мындай кадамдар өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдын курч бойдон калуусунан улам жүргүзүлүүдө.

"Андыктан, эс алуу сезону башталганда Саламаттык сактоо министрлиги Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен бирге Ысык-Көлгө эс алууга бара тургандарга атайын талаптарды иштеп чыгат", - дейт Боронов.

Пикир

Оставить комментарий