• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өкмөт: Иранда калып калган жүк ташуучулардын маселеси чечилип, мекенине кайтып келе жатышат

Өкмөт 0

Бишкек, 22.03.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынан чыккан жүк ташуучулардын маселеси чечилип, алар мекенине кайтып келе жатышат. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, кеп Азербайжан Республикасы жана Түркмөнстан өз чек арасын жапкандыгына байланыштуу Иран Ислам Республикасынын аймагында калып калган 60 жүк ташуучу унаанын айдоочусу тууралуу болуп жатат.

Учурда 60 айдоочунун ичинен 21и Россия Федерациясынын аймагында турушат жана россия-казак чек арасы тарапка, «Караозек» көзөмөл-өткөрмө жайына жөнөшүүдө. 10 унаа Азербайжан Республикасынын Россия Федерациясы менен чек арасындагы «Самур» көзөмөл-өткөрмө жайынан өтүү үчүн күтүп турушат. 25 унаа Казакстан Республикасы аркылуу Кыргыз Республикасына келе жатышат. Дагы бир айдоочу Казакстан Республикасынын Россия Федерациясы менен чек арасынан өткөндөн кийин карантинге алынды, анткени ал Казакстан Республикасынын жараны болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги бул маселе өзгөчө көзөмөлдө, ал эми айдоочулар менен үзгүлтүксүз байланыш бар экендигин эскертти.

Пикир

Оставить комментарий