• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Өкмөт жөлөк пулдар жөнүндө мыйзамдын күчүнө кирүү мөөнөтүн жылдырууну сунуштоодо

Өкмөт 0

Бишкек, 19.12.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна «Кыргыз Республикасындагы мамлекетик жөлөк пулдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун киргизди. 2018-жылдын 1-январында күчүнө кирүүчү аталган Мыйзамдын, бала төрөлгөндө бир ирет берилүүчү «балага сүйүнчү» төлөөгө тийиштүү жобосун кошпогондо, ишке кирүү мөөнөтүн үч айга артка жылдыруу сунушталууда. Бул тууралуу өкмөттүн коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү билдирди.

2017-жылдын 28-июлундагы № 163 «Кыргыз Республикасындагы мамлекетик жөлөк пулдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилди.

Мыйзамдын жаңы редакциясы боюнча, 3-16 жашка чейинки үч, же андан ашуун балдары бар үй-бүлөлөр ай сайын жөлөк пул алат, бул учурда жөлөкпул үчүнчү жана андан кийинки балдарга төлөнөт.

Буга байланыштуу КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдын-ала эсептөөлөрү боюнча Мыйзам күчүнө кирген соң, 2018-жылы 30 миң бала жашаган 16 миңге жакын үй-бүлө жөлөкпул алуучулардын тизмесинен чыгарылат. Белгилей кетүүчү нерсе, жөлөкпул алуучулардын тизмесинен чыгарылган балдар негизинен үч жаштан улуу бир, же эки балалуу, жанга карата жыйынтык кирешеси 900 сомдон төмөн болгон аз камсыздалган үй-бүлөлөрдө жашайт.

Кабыл алынган Мыйзам тууралуу кошумча белгилесек, бардык үй-бүлөлөр бала төрөлгөндө бир ирет берилүүчү жөлөк пул алат.

КР Өкмөтү белгилегендей, аталган Мыйзам актуалдуу жана көп балалуу үй-бүлөлөрдү колдоого багытталып, учур талабына жооп берет. Мыйзам малекеттик жөлөк пул тутумундагы коррупциялык тобокелдиктерди жоюуга мүмкүндүк берет, анткени анын ченемдерин ишке ашыруу бирдиктүү терезе принциптерин пайдалануу менен дайындоо процедураларын электрондук форматка которуу мүмкүндүгүн берет, бул өз кезегинде жарандардын жөлөк пул алуу механизмин жөнөкөйлөштүрүп, тейлөөнүн ачыктыгын камсыздайт.

Мыйзамдын аткарылышын үч айга жылдырууда Өкмөткө кошумча консультацияларды өткөрүүгө жана «Кыргыз Республикасындагы мамлекетик жөлөк пулдар жөнүндө» КР жаңы мыйзамынын демилгечилери – КР Жогорку Кеңешинин депутаттарынын, ошондой эле жарандык коом өкүлдөрүнүн катышуусунда мамлекеттик жөлөк пулдарды камсыздоо тутумунун даректүүлүгүн өркүндөтүү максатында жумушчу топту түзүүнү демилгелөөгө мүмкүндүк берет.

Өкмөт мамлекеттик жөлөкпулдардын максаты аз камсыз болгон жарандарды колдоодо экендигин белгилөө маанилүү деп билет. Аталган факторду эске алуу менен мамлекеттик колдоону башкаруу жаатындагы чечимдерди кабыл алууда жөлөкпулдардын даректүүлүгү маанилүү роль ойнойт.

Пикир

Оставить комментарий