• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өкмөт Жалал-Абаддагы «Орбита» балдардын ден соолугун чыңдоо борборун айыл өкмөтүнө өткөрүп берди

Өкмөт 0

Бишкек, 09.01.19. /Кабар/. Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев «Орбита» балдардын ден соолугун чыңдоо борборун Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө 2018-жылдын 31-декабрындагы Токтомго кол койду.

Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү максатында, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кашка-Суу айылдык кеңешинин 2017-жылдын 12-декабрындагы № 4 токтомун көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кашка-Суу айыл аймагында жайгашкан «Орбита» балдардын ден соолугун чыңдоо борборун (мындан ары ˗ объект) 6,0 га жанаша жер участогу менен Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине белгиленген тартипте өткөрүп берсин.

2. Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кашка-Суу айыл өкмөтүнө белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:

- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган объектти муниципалдык менчикке кабыл алуу;

- объектти мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү;

- объекттин сакталышын жана максаттуу багыты боюнча пайдаланууну камсыздоо.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий