• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Өкмөт жана Центерра “Кумтөр” долбоорун ишке ашыруунун жаңы этабын ачты

Өкмөт 0

Бишкек, 11.09.17 /Кабар/. 2017-жылдын 11-сентябрында, Өкмөт Үйүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен «Центерра Голд Инк.» компаниясынын ортосунда айлана чөйрөнү коргоо жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча Стратегиялык Макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Стратегиялык Макулдашуу узакка созулган сүйлөшүү жана кеңешүүлөрдүн жыйынтыгы болуп, «Кумтөр» долбоорун ишке ашырууда экологиялык абалды жакшыртууга шарт түзөт.

«Центерра Голд Инк» компаниясы айлана-чөйрөнү коргоого карата иш-чараларды өткөрүүнү каржылоо, биринчи кезекте Ысык-Көл акваториясын сактоого багытталган жаңы милдеттемелерди алды.

Түзүлгөн жаратылышты өнүктүрүү Фондуна бир жолку төлөм катары 50 млн АКШ доллары которулат. Аны менен бирге жыл сайын төлөнүүчү экологиялык төлөм каражаты 310 миң АКШ долларынын 3 млн АКШ долларына чейин өсөт.

«АМЕС» Эл аралык экологиялык консультантынын көрсөтмөсүн ишке ашыруунун алкагында айлана чөйрөнү коргоо жана кендин өзүндөгү иш чараларды каржылоо кеңейтилет.

«Кумтөр» долбоорун каржылоо боюнча калыбына келтирүү Фондунун механизми так иштелип чыкты. Ага ылайык, каражат Кыргыз Республикасынын финансылык башкармалыктарында сакталып, жыл сайын 6 млн АКШ долларынын 69 млн АКШ долларына чейин көбөйөт.

«Кумтөр» долбоорунун алкагында социалдык өнөктөштүк тармагы да кеңейет. Биринчи жыйынтыгы болуп, Кыргыз Республикасынын онкологиялык кызматына өнүктүрүү Фонду эсептелет. Канадалык инвесторлор бул багытта 10 млн АКШ долларын бөлүүгө даяр.

Стратегиялык Макулдашууга кол коюлгандан кийин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн Өкмөт жана Центерра “Кумтөр” долбоорун ишке ашыруунун жаңы этабын ачканын, андагы негизги приоритет экология, социалдык өнөктөштүктү кеңейтүү жана инвестиция экенин билдирди.

«Долбоордун ишмердүүлүгү ачык жана таза болот. Бизге оңой эмес шарттан чыгып биргелешкен орток пикирге келүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул компания “Centerra Gold Inc.” Кыргызстан элинин жана бүт уюштуруучулардын кызыкчылыгы үчүн иштеп, долбоорду натыйжалуу жүзөгө ашырууда мындан ары да өз ара ишенимдин жана биргелешкен күч-аракеттердин негизинде кызмат кылат»,-деп жыйынтыктады Сапар Исаков.

Пикир

Оставить комментарий