• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өкмөт: Жарандардын узак мөөнөттүү турай жай насыясы үчүн шарттар түзүлүүдө

Өкмөт 0

Бишкек, 14.10.19. /Кабар/. Кыргызстанда дүйнөлүк тажрыйбаны эске алуу менен жарандардын узак мөөнөттүү турай жай насыясы үчүн керектүү шарттар түзүлүүдө, - деп билдирет өкмөттүн аппаратынын маалыматтык касыздоо бөлүмү.

Ушул айда KfW немец өнүктүрүү банкынын линиясы боюнча каражаттарды өздөштүрүү пландалууда. Кыргыз Республикасында турак жайды каржылоо жөнүндө Өкмөттөр аралык келишимге ылайык, бул каражаттар 10% жылдык үстөк менен өлкөнүн аймактарындагы бардык категориядагы жарандарга насыяга берүүгө багытталат.

Мындан тышкары Азия өнүктүрүү банкы менен 10 млн евро, Турукташтыруу жана өнүктүрүү боюнча Евразиялык фонд менен 100 млн АКШ долларын 20 жылга 1% жылдык үстөк менен алуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Ипотекалык насыянын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жеткиликтүү турак жай 2015-2020» Программасы иштей баштагандан бери пайыздык үстөк 3 эсе төмөндөдү. 2016-жылы 12-14%дан 10-12%га чейин, 2017-жылы 8-10%га чейин, 2018-жылы 7-9%га чейин төмөндөдү. Учурда 2019-жылдын аягына чейин төмөндөтүүнү камсыз кылуу үчүн, пайыздык үстөктү 6-8% чейин түшүрүү боюнча иштер жүрүп жатат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жеткиликтүү турак жай 2015-2020» Программасы ишке кирген жылдардын аралыгында, тагыраагы 2016-жылдан 2019-жылга чейин республикалык бюджеттен 4,2 млрд сом бюджеттик насыяга бөлүнгөн. Муну менен катар «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК жүгүртүүдөн түшкөн каражаттын эсебинен ипотекалык насыяга дагы 1 089,9 млн сом берген. Бул кошумча 873 үй-бүлөнү жеке турак жай менен камсыз кылууга шарт түздү.

Ошентип, «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК иштеп баштагандан бери жеңилдетилген ипотекалык насыя берүү жолу аркылуу 4371 үй-бүлөнү турак жай менен камсыз кылууга жетишти.

Мындан тышкары ипотекалык баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүүнү ишке ашыруу жана мамлекеттик бюджетке көз карандуулукту төмөндөтүү жана бюджеттен тышкаркы каржылоо булактарын тартуу максатында, «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК баалуу кагаздар рыногуна 2 жылга көлөмү 200 млн сом болгон 8,3% купондук ченди жайгаштырды.

Бул каражаттар 14% жылдык үстөк боюнча бардык категориядагы жарандар үчүн «Жеткиликтүү ипотека» багыты боюнча насыяларды кайра каржылоого жумшалды.

Муну менен катар Нарын шаарында 60 батирлүү турак жайдын жана Бишкек шаарындагы «Тунгуч» кичи районунда 135 батирлүү үйдүн курулушу аяктоо алдында турат.

Үй курулуп бүткөндөн кийин жарандарга батирлер өнөктөш-банктардын катыштыгы жок, «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКтан түз «Турак жайды андан ары сатып алуу шартында ижарага берүү» механизми боюнча шаардык мэриялар түзгөн тизмеге ылайык берилет.

Ошол эле учурда жылдын аягына чейин «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК келишимдик турак жай-аманаты механизмин - «Аманаттык – насыялык турак жай компаниясы» ААК өзүнчө туунду уюмун түзүүнү пландоодо.

Пикир

Оставить комментарий