• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Өкмөт Жашыл өсүүнүн глобалдык институтунун курамына кирүү демилгесин сунуштоодо

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 08.10.19. /Кабар/. Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети “Рио-де-Жанейро шаарында 2012-жылдын 20-июнунда кол коюлган Жашыл өсүүнүн глобалдык институтун уюштуруу жөнүндө Макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө” мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды.

Экономика министри Санжарбек Мукамбетовдун айтымында, Жашыл өсүүнүн глобалдык институтунун максаттары мамлекет жана жеке секторлордун ортосунда жана өнүккөн жана өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн ортосунда өнөктөштүк мамилелерди орнотуу аркылуу өткөөл жана өнүккөн экономикасы менен өлкөлөрдүн экономикалык, экологиялык жана социалдык шарттарын түзүү жана жакшыртуу болуп саналат.

Ошондой эле, Жашыл өсүүнүн глобалдык институтунун бардык сунуштары мүчөлөрдүн экономикаларынын бардык тармактарына милдеттүү жана мажбурлоочу мүнөзүндө болбой турганы белгилүү болду. Анын иши жашыл экономикалык өсүүгө багытталган долбоорлор үчүн финансылык каражаттарды мобилизациялоодо өкмөттөргө техникалык жардамдарды берүү менен айкалышат.

Жашыл өсүүнүн глобалдык институту үч бирин-бири толуктаган жана интеграцияланган жумушчу жүрүмү аркылуу түзүлгөн рынок экономикасы менен өлкөлөрдү жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдү колдойт:

Жашыл өсүүнү пландоо жана ишке ашыруу;

Инвестициялык чечимдер жана зарыл болгон саясатты түзүү;

Аспаптар менен усулдарды, маалыматтарды берүү, талдоо, изилдөөлөрдү жүргүзүү аркылуу ишенимдүү базаны берүү.

Пикир

Оставить комментарий