• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өкмөт, жергиликтүү бийлик органдары күнү-түнү иштөөгө өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 18.03.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, өлкөнүн 7 облусундагы жергиликтүү бийлик органдары коронавирустук инфекцияны жуктуруп алган алгачкы 3 учурга байланыштуу күнү-түнү иштөө режимине өтүштү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Бороновдун жетекчилиги алдында Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана райондук администрация башчыларынын катышуусунда коронавирустук инфекциянын өлкөнүн аймагына кирүүсүн алдын-алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча Республикалык штабдын кеңейтилген селектордук жыйыны болуп өттү.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов белгилегендей, инфекциянын таралышына жол бербөө максатында, коомдук тартипти көзөмөлдөө жана калк менен жер-жерлерде сапаттуу кеңири маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл.

Ал Жалал-Абад облусунун Сузак районунда өзгөчө кырдаалдар режими киргизилгенин, жарандардын коопсуздугу үчүн бардык зарыл чаралар көрүлгөнүн белгиледи. Коомдук тартипти сактоо, өзгөчө маанилүү мамлекеттик жана стратегиялык объекттерди, ошондой эле калктын жашоо-турмушун камсыздаган объекттерди коргоону жана унаалардын ишин көзөмөлдөөнү күчөтүү, эл массалык көп чогула турган объектилердин ишмердүүлүгүн токтотуу, Сузак районунун аймагына кирүүнү, ошондой эле районго кирүүгө райондук штабдын мүчөлөрүнөн тышкары унаалардын бардык түрлөрүнө чектөө сыяктуу чаралар көрүлдү.

«Коронавирустук инфекциянын мындан ары жайылышына жол бербөө боюнча жалпы кырдаал Мамлекет башчынын өзгөчө көзөмөлүндө турат. Өкмөт көзөмөлдөп жатат. Калктын дүрбөлөңгө түшүүсүнө негиз жок. Эң башкысы Саламаттык сактоо министрлигинин, Республикалык штабдын сунуштамаларын жана талаптарын так кармануу, өздүк гигиена эрежелерин сактоо жана адамдар көп жыйналган жерлерге барбоо аркылуу биз бул ооруну жеңе алабыз», - деди биринчи вице-премьер-министр.

Кубатбек Боронов ошондой эле азык-түлүк коопсуздугу боюнча калктын тынчсыздануусуна негиз жок экендигин баса белгиледи. Биздин өлкөдө тамак-аш продуктулары жана күнүмдүк керектелүүчү товарлардын запасы жетиштүү.

Тармактык мамлекеттик кызматтар жана жергиликтүү бийлик органдары өлкөнүн бардык базарларындагы жана соода аянттарындагы бааларды көзөмөлдөп турушат.

Коронавируска байланыштуу кырдаалга тийиштүү калк арасында келип чыккан суроолор боюнча өлкөнүн бардык райондорундагы кыргызстандыктар 112 түз байланыш номерине чала алышат. Ошондой эле райондук мамлекеттик администрациялардын алдында түз байланыштар иштеп жатышат.

Белгилей кетүүчү нерсе, үстүбүздөгү жылдын 19-мартынан тартып Кыргызстанга чет өлкөлүк жарандардын кирүүсүнө тыюу салынган. Өтө зарыл болбосо, өлкө ичинде жана анын аймагынан тышкары жүрүүнү, анын ичинде туристтик сапарларды болушунча чектөө сунушталат.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча жергиликтүү бийлик органдарына коронавирус боюнча эпидемиологиялык кырдаал жакшырганга чейин Өкмөттүн, Саламаттык сактоо министрлигинин маданий, спорттук, илимий, үй-бүлөлүк, эскерүү иш-чараларын өткөрүүгө киргизилген убактылуу чектөөлөрү боюнча бардык сунуштамаларын жана талаптарын аткарууну көзөмөлдөө тапшырылды. Чектөөлөр балдар үчүн оюн-зоок жайларынын, оюн аянтчаларынын, соода-көңүл-ачуучу борборлорунда жайгашкан коомдук тамактануу түйүндөрүнүн; кинотеатрлардын, театрлардын, музейлердин, көргөзмө залдардын жана галереялардын, маданий-агартуучулук жана башка мекемелердин; 50дөн ашык орунга эсептелген коомдук тамактануу жайларынын; спорттук-ден соолук чыңдоочу борборлордун, спорттук секциялардын, коомдук мончолордун, сауналардын, бассейндердин; интернет-клубдардын, компьютердик оюн жайларынын ишмердүүлүгүнө тийиштүү. Ошондой эле жер-жерлерде калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү күчөтүү тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий