• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өкмөт Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө кодексти иштеп чыгууда

Өкмөт 0

Бишкек, 19.12.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө кодекстин долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун биринчи жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Жыйындын жүрүшүндө экперттик топ тарабынан иштелип чыккан Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө кодексинин долбоорунун концепциясы сунушталды.

«Эгемендүүлүк жылдары жергиликтүү өз алдынча башкаруу калыптануунун баскычтарын басып өтүп, өнүгүү жолуна түштү. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасы: региондорду өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» конференциясында айткандай, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу кодексин иштеп чыгууга убакыт келип жетти», - деп баса көрсөттү Кубатбек Боронов.

Биринчи вице-премьер-министр белгилегендей, бул долбоорду иштеп чыгуунун башкы максаты жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бүткүл мыйзамдык базасын бир документке бириктирүү болуп саналат.

Жумушчу топтун мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө кодексин иштеп чыгуу боюнча өз көз караштарын билдиришти.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигине сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен тез арада Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө кодекстин долбоорун иштеп чыгуу жана аны ведомстволор аралык жумушчу топтун кароосуна киргизүү тапшырылды.

Маалымдама: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө кодексти иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2019-жылдын 28-июнундагы № 240-б буйругуна ылайык түзүлгөн.

Бул буйрук аркылуу ведомстволор аралык жумушчу топко 2019-жылдын 31-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө кодекстин долбоорун иштеп чыгуу тапшырылган. Андан соң 2020-жылдын 1-апрелине чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө кодекстин долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кароого киргизүүгө тийиш.

Пикир

Оставить комментарий