• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өкмөт «Жетим-Тоо» кенинин айланасындагы сөздөр боюнча түшүндүрмө берди

Өкмөт 0

Бишкек, 17.12.20. /Кабар/. Өкмөт «Жетим-Тоо» кенинин айланасындагы сөздөр боюнча түшүндүрмө берди.

«Жетим-Тоо» кени боюнча өкмөт төмөнкүлөрдү билдирет:

Нарын облусунда жайгашкан «Жетим-Тоо» кени кытайлык компанияга берилип кетти деген чындыкка дал келбеген маалыматтар тарап жатат. Мындай жоопкерчиликсиз билдирүүлөр коомчулуктун адашуусуна, чыңалууга алып келип, инвесторлорго карата терс мамилени күчөтөт.

«Жетим-Тоо» кени мамлекетке таандык жана бир дагы чет элдик компания геологиялык чалгындоо же иштетүү укугуна ээ эмес. Мамлекет аталган кенди өз алдынча иштетүүнү пландаштырууда, ал үчүн өзүнчө мамлекеттик компания түзүлөт. Бул кенди өз алдынча иштетүү менен өлкөдө, анын ичинде Нарын облусунда жаңы өндүрүш ишканаларын ачууну, кошумча жумуш орундарын түзүүнү шарттайт.

Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, «Жетим-Тоо» кениндеги Данга участкасын иштетүүдөн гана жылына 200 миллион доллардан ашуун киреше түшөт. Бул бюджеттин кирешесин көбөйтөт, социалдык программалар каржыланат жана акчанын бир бөлүгүн өлкөнүн тышкы карызын төлөөгө жушшаса болот.

Бул долбоорду ишке ашырууда, салыктарды төлөөдөн тышкары, жергиликтүү элдин кызыкчылыктары эске алынып, дүң кирешенин 2% Нарын облусун өнүктүрүү фондуна чегерилет.

Кенди иштетүүдө алдыңкы технологиялар колдонулуп, ошол эле учурда экологиялык талаптар сакталат. Аны иштетүү этап-этабы менен жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий