• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өкмөт жыл соӊуна чейин өлкөнүн экономикалык кырдаалын жакшыртуу боюнча чаралардын экинчи пакетин даярдоодо

Экономика 0

Бишкек, 07.04.20. /Кабар/. Өкмөт 2020-жылдын соӊуна чейин өлкөнүн экономикалык кырдаалын жакшыртуу боюнча чаралардын экинчи пакетин даярдоодо. Бул тууралуу вице-премьер-министри Эркин Асрандиев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, бул чаралар экономиканы жандандыруу жана кайра калыбына келтирүү үчүн кабыл алынат.

"Бул жерде экономиканын бүгүнкү күндөгү абалы, жылдын аягына чейинки божомолу жана бир топ бизнес токтоп калгандыгын эске алуу менен эсептер кылынып жатат. Өкмөт тарабынан экономиканы жандандыруу жана кайра калыбына келтирүү үчүн кабыл алынган чаралардын бардыгы аталган пландын ичине киригизилет", - дейт ал.

Асрандиев кошумчалагандай, ошондой эле чаралардын үчүнчү пакети дагы иштелип чыгууда – бул келерки жылдарга карата стратегиялык план болот.

Пикир

Оставить комментарий