• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ӨКМ: Табигый кырсыктардан 13 миңден ашуун кожолук корголду

Коом 0


Бишкек, 20.08.20. /Кабар/. Өлкө аймагында табигый кырсыктардын алдын алуу иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, министрлик тарабынан жээк бекемдөө, дамбаларды коргоо, сел өтүүчү каналдарды тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Үстүбүздөгү жылдын 7 ай ичинде жалпысынан 356 объектиде жумуш жүргүзүү мерчемделип, учурда 285 объектиде жумуш жүрүүдө, 221 объектиде жумуштар аяктаган, анын ичинен 55и жергиликтүү бийлик тарабынан аткарылып, ӨКМ тараптан товардык материалдык баалуулуктар берилген: күйүүчү-майлоочу каражаттар, габион торчолору жана башкалар.

Натыйжада табигый кырсыктардан 13 434 кожолук жана 6734,3 га чарба аянттары, 11 мектеп, 7 бала бакча, 5 ФАП, 21 ЛЭП, 7 мечит, 1 устакана, 1 стадион, 7 көпүрө, насостук станция, суу түтүкчө корголду.

Пикир

Оставить комментарий