• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ӨКМ: Табигый кырсыктардан 2834 кожолук жана 722 га чарба үлүш жери корголду

Коом 0

Бишкек, 14.04.20. /Кабар/. Табигый кырсыктардан 2834 кожолук жана 722 га чарба үлүш жери корголду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

ӨКМ тарабынан табигый кырсыктарды алдын алуу жумуштары жүргүзүлүүдө. Аталган иш-чара 2 багытта жүрөт: биринчи капиталдык курулуш, оңдоп-калыбына келтирүү жана авариялык-калыбына келтирүү жумуштары, экинчи багытта: атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу.

Капиталдык курулуш, оңдоп-калыбына келтирүү жана авариялык-калыбына келтирүүнүн алкагында коргоочу курулмаларды куруу, жээктерди бекемдөө жумуштарынын 2020-жылга карата болжолдуу планы 41 объектте иш мерчемделип, 3 ай ичинде 17 объектте жумуш жүргүзүлгөн.

Натыйжада биринчи багыт боюнча 7 объект пайдаланууга берилип, 1314 кожолук жана 602 га айыл чарба аянттары, ошондой эле 2 көпүрө, 4 шпора, 388 пм дамба корголуп, 285 метр сел өткөрүлүүчү канал курулду.

Ал эми алдын алуунун экинчи багыты: “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” иш-чараларын 2020-жылдагы болжолдуу планына 312 обьект киргизилип, 3 ай ичинде республика боюнча 34 обьекте иш-чаралар жүргүзүлүп, 29 объектиде иш бүткөн жана 5 объектиде иштер улантылууда.

Аткарылган иш-чаралардын натыйжасында: 1520 кожолуктун жана 120 га чарба үлүш жерлерди, 2-мектеп корголду, 1,4 км ички чарбалык жол кардан тазаланды. Жалпысынан 353 объектиде жумуш жүргүзүү мерчемделип, 51 объектиде жумуш жүрүп, 36 объектиде жумуштар бүткөн.

Натыйжада жалпысынан 2834 кожолуктун жана 722 га чарба үлүш жерлерди, 2 мектеп, 2 көпүрө, 4 шпора, 388 пм дамба корголуп жана 285 метр сел өткөрүлүүчү канал курулду.

Пикир

Оставить комментарий