• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

ӨКМ: Табигый кырсыктардан 7606 кожолук жана 3128 га чарба үлүш жерлери корголду

Коом 0

Бишкек, 06.06.20. /Кабар/. Өлкөдө табигый кырсыктарды алдын алуу жумуштары үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, аталган иш-чара 2 багытта жүрөт: капиталдык курулуш, оңдоп-калыбына келтирүү жана авариялык-калыбына келтирүү жумуштары, экинчи багытта: атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу.

Капиталдык курулуш, оңдоп-калыбына келтирүү жана авариялык-калыбына келтирүүнүн алкагында коргоочу курулмаларды куруу, жээктерди бекемдөө жумуштарынын 2020-жылга карата болжолдуу-планы 42 объектте иш мерчемделип, 5 ай ичинде 32 объектте жумуш жүргүзүлгөн.

Натыйжада биринчи багыт боюнча 11 объект пайдаланууга берилип, 3706 кожолук жана 712 га айыл чарба аянттары корголду, ошондой эле 2 көпүрө, 8 шпора, 789 погондук метр дамба жана 285 метр сел өткөрүлүүчү канал курулду.

Ал эми алдын алуунун экинчи багыты - “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” иш-чараларын 2020-жылдагы болжолдуу-планына 312 объект киргизилип, 5 ай ичинде республика боюнча 112 обьекте иш-чаралар жүргүзүлүп, 93 объектиде иш бүткөн жана 14 объектиде иштер улантылууда.

Аткарылган иш-чаралардын натыйжасында 3900 кожолук жана 2416 га чарба үлүш жерлерди, 7 мектеп, 5 бала бакча, 4 ФАП, 21 ЛЭП, 3 мечит, 1 устакана, 1 стадион, 1 көпүрө, 1 насостук станция, 1 суу түтүкчө жана 400 метр автоунаа жолу корголду.

Жалпысынан 354 объектиде жумуш жүргүзүү мерчемделип, 144 объектиде жумуш жүрүп, 104 объектиде жумуштар бүткөн. Натыйжада жалпысынан 7606 кожолук жана 3128 га чарба үлүш жерлери, 7 мектеп, 5 бала бакча, 4 ФАП, 21 ЛЭП, 3 мечит, 1 устакана, 1 стадион, 1 көпүрө, 1 насостук станция, 1 суу түтүкчө, 400 метр автоунаа жолу корголуп жана 2 көпүрө, 8 шпора, 789 погондук метр дамба жана 285 метр сел өткөрүлүүчү канал курулду.

Эскерте кетсек, мерчемделген объектилердин арасынан эң оорчунду жана кечиктирилгис зарылчылыгы бар объектилерде жумуш жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий