• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ӨКМ табигый кырсыктардын алдын алуу үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзөт

Коом 0

Бишкек, 04.02.19 /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери жазында күтүлүүчү табигый кырсыктардын алдын алуу үчүн эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзөт. ӨКМдин башчысы Нурболот Мирзахмедов тийиштүү тапшырманы аппараттык кеңештин жыйынында берди.

Күн жылып өлкөнүн ар кайсы аймактарында кар көчкү түшүп, жер көчүп, сел жүрүү коркунучтары бар.

Ошондой эле министр ӨКМдин куткаруучулары чукул кырдаалдарга даяр болуш керектигин эске салды.

Эске салсак, 2019-жылдын башынан бери эки өзгөчө кырдаал катталган: катуу шамал жана ири жол кырсыгы. Куткаруу кызматтары тарабынан 12 адам куткарылды.

Пикир

Оставить комментарий