• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ӨКМ: Талас облусунда өрттүн саны 38,9% пайызга азайды

Коом 0

Бишкек, 19.01.21. /Кабар/. 2020-жылдын 12 ай ичинде Талас облусунда 129 өрт кырсыгы катталып, өткөн жылга салыштырмалуу өрттүн саны – 38,9 пайызга азайган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, өрттөн болгон материалдык чыгым 10 миллион 214 миң 885 сомду түздү. Тилсиз жоодон бир адамдын өмүрү жана 82 баш үй жаныбарлары жана 134 млн 968 сомдук товардык материалдык баалуулуктар сакталып калган.

Өрттөрдүн негизги себептери:

- электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан – 39 (30,2%);

- мештерди жана морлорду этиятсыздык колдонууда – 12 (9,3%);

- отко этиятсыздык менен мамиле кылуу – 22 (17,1%);

- балдардын от менен ойноосуунан – 26 (20,2%).

Өрттөн болгон негизги объектилер:

- турак жай сектору – 95 (73,6%);

- унаа, гараж, турук (стоянка) – 21 (16,3%);

- кампалар, соода бөлмөлөр – 2 (1,6%);

- ачык аянттар – 3 (2,3%).

Пикир

Оставить комментарий