• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ӨКМ:Талас облусунда жалпы 269 087 чарчы метр аймак дезинфекцияланды

Аймак 0

Бишкек, 15.05.20. /Кабар/. 2020-жылдын 18-мартынан тартып 15-майга чейин Талас облусунун аймагында 41 045 чарчы метр имараттын ичи, 228 042 чарчы метр имараттын сырты, жалпы 269 087 чарчы метр аймак жана 2 053 390 погондук метр автоунаа жолдор залалсыздандырылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, дезинфекциялоо иштерине жалпы 3877 кг хлор жана 800 даана хлортаблеткасы колдонулган.

Эскерте кетсек, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерде, тагыраак айтсак, азык-түлүк дүкөндөрүндө, банктарда, базарларда, дарыканаларда жана автоунаа жүрүүчү жолдордо жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий