• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ӨКМ: Тамчы айыл аймагында алдын алуу иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 05.05.20. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Тамчы айыл аймагында алдын алуу иштери жүрүүдө, - деп кабарлайт КР ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Тамчы айылындагы 9-Кашар тилкесинде өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иш мерчеминин негизинде селди алып өтүүчү каналын казуу жана азыркы таптагы турган дамбаны бекемдөө иштери жүрүп жатат.

"5-майга карата жалпысынан селди алып өтүүчү каналынын узундугу 700 метр жана дамбанын бекемдөөчү аралыгы 300 метр мерчемге ылайык казылып, бекемделет. Бүгүнкү күнгө карата 450 метр механизациялык тазалоо иштери аткарылды. Жумуштун натыйжасында, сел каптоо коркунучунан Тамчы айылынын жаңы конушунун 100 турак жайы, кожолуктар, ички жолдор корголот. Иш-чарага ӨКМден 1 даана экскаватор тартылып, күйүүчү-майлоочу каражат бөлүнүп берилген", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий