• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ӨКМ: Тар дарыясына агып кеткен жаран табыла элек

Кырсык 0

Бишкек, 01.03.18. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Ичке-Суу айылындагы Тар дарыясына агып кеткен жаран табыла элек,-деп билдирет ӨКМнин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 1974-жылы туулган М.М. аттуу жаран сууга 27-февралда агып кеткен, ошол убакыттан бери издөө иштери уланып жатат. Азырынча жыйынтык жок.

ӨКМден кабарлашкандай, издөө иштери бүгүн кайрадан улантылат.

Пикир

Оставить комментарий