• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ӨКМ тарабынан “Ааламдын алп жазуучусу Айтматовго 90 жыл” аттуу иш-чара өткөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 23.11.18. /Кабар/. Кечээ, 22-ноябрда Бишкек шаарында жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан “Ааламдын алп жазуучусу Ч.Айтматовго 90 жыл” аттуу салтанаттуу иш-чара өттү.

ӨКМден кабарлашкандай, аталган иш-чара республикада жарыяланган “Эне тил жана Айтматов” үч айлыгынын алкагында, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун улуттук жана дүйнөлүк адабиятка кошкон зор салымын даңазалоо, ошондой эле туулган күнүнүн 90 жылдык мааракесин белгилөө максатында өткөрүлдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде 3 ай бою улуу жазуучунун чыгармалары, жеке жашоосу, эл аралык дипломатиялык ишмердүүлүгү жана маданияттар ортосундагы жакындашуудагы ролу талкууга алынып, анын чыгармалары көркөм тасмалардын, театралдык оюндардын, сүрөт көргөзмөлөрүнүн негизи болуп калгандыгын бардыгына жеткирүү аракети көрүлдү.

"Алгач улуу жазуучу Ч.Айтматов тууралуу даректүү тасма көрсөтүлдү. Андан соң КР ӨКМнин кызматкерлери тарабынан Ч.Айтматовдун чыгармаларынын негизинде даярдалган “Канткенде адам уулу адам болот” аттуу драмалык чыгарма көрсөтүлдү. Аталган драмада министрликтин кызматкерлери Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы Жамиля менен Даниярдын, Асел жана Ильяздын, Эдигейдин, Танабайдын, Дүйшөндүн, Толгонайдын, Жер Эненин, Жийде, Орозкул жана башка каармандардын образдарын ачып бергенге аракет кылышты", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары жазуучунун чыгармаларына жазылган ыр-бийлер актарылды. Жыйынтыгында иш-чарага активдүү катышкан кызматкерлерге КР ӨКМнин Кесиптик кошууну тарабынан “Ардак грамота” жана акчалай сыйлыктар берилди.

Иш-чарага ӨКМдин жетекчилиги баш болгон министрликтин өздүк курамынан 400 куткаруучу, КР президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын маалымат катчысы, К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин ректору катышты.

Пикир

Оставить комментарий