• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

ӨКМ тарабынан аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 18.07.20. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат.

Ага ылайык, кечээ, 17-июль күнү министрлик тарабынан өлкө боюнча 556 600 погондук метр унаа жолдор, 62 765 чарчы метр имараттар дезинфекцияланды.

“Ошондой эле 3 318 адамга ысык тамак-аш берилди.112 кызматына өткөн сутка ичинде жалпы 5 805 чалуу катталып, анын ичинен 220 коронавирус боюнча чалуу түшкөн”, - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, дезинфекциялоо жумуштарын аткаруу, стационарлардагы жарандарды ар тараптуу камсыздоого (тамак-аш жеткирүү, орундук), гуманитардык жардамды жерине жеткирүүгө ж.б.у.с. ӨКМ тарабынан 430 кызматкер жана 54 унаа тартылган.

Пикир

Оставить комментарий