• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош облусунда жээк бекемдөө жана алдын алуу курулуш иштери кызуу жүрүүдө - ӨКМ

Аймак 0

Бишкек, 20.08.20. /Кабар/. Ош облусунда жээк бекемдөө жана алдын алуу курулуш иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун аймагында 2020-жылы аткарылуучу "Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу" мерчеминин негизинде жалпы 100 объект каралып, анын ичинен 81 объектини ӨКМ, 19 обьектини жергиликтүү бийлик тарабынан аткаруу каралган, андан сырткары, 15 объект мерчемге кошумча киргизилген.

2020-жылдын 19-августуна карата 57 обьект бүткөрүлдү (48м.9к), 10 обьектиде жумуш жүрүүдө (8м,2к), 8 объект убактылуу токтоп турат (7м, 1к).

Жалпы облус боюнча ӨКМ тарабынан Жергиликтүү бийликке 3104 даана габион торчолору жана 17 209 литр күйүүчү май бөлүнүп берилип, иштетилүүдө.

Учурда Өзгөчө кырдаалдар чара көрүү түштүк борборунун техникалары тартылып, төмөнкү аймактарда жумуш жүргүзүлүүдө:

Өзгөн районунун Чангет айыл аймагынын Өстүрүү айылында Шоро тилкесинде экскаватор, булдозер, самосвал техникалары жардамында дамба куруу иштерин жүргүзүүдө;

Алай районунун Будалык айыл аймагындагы Кайнама айылында бульдозер ички чарбалык жолду калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдө;

Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айыл аймагынын Сары-Камыш, Биймырза айылдарында экскаватор техникасы мерчемге кошумча кирген канал казуу иштерин жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий