• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ӨКМ тарабынан “Семетей” пунктунда аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 15.07.20. /Кабар/. Күн сайын «Семетей» пунктунда (мурдагы «Ганси» авиабазасы) жайгаштырылган бейтаптарга, медицина, ИИМ кызматкерлерине ар тараптуу камсыздоо иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 15-июль күнү КР ӨКМдин Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү Түндүк борбору тарабынан 500 даана медициналык штативдер жана 50 даана темир тосмо (перегородка) жасалып, Саламаттык сактоо министрлигине жана «Семетей» пунктундагы реанимация бөлүмүнө орнотулуп берилди.

Кошумчалай кетсек, аталган участокто күнүгө дезинфекциялоо, тиричилик жана медициналык таштандыларды чогултуу, чыгаруу жана жок кылуу иштерин уюштуруу, коммуналдык системаларынын иштешин көзөмөлдөө, кошумча таза ичүүчү суу менен камсыздоо жумуштары аткарылууда.

Пикир

Оставить комментарий