• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ӨКМ тарабынан өткөн сутка ичинде аткарылган иштер тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 21.08.20. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги коронавирус илдетинин жайылышына бөгөт коюу максатында өткөн сутка ичинде аткарган иштери тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, 2020-жылдын 20-август күнү өлкө боюнча 210 350 погондук метр унаа жолдор, 42 383 чарчы метр имараттар дезинфекцияланган.

Ошондой эле ӨКМ тарабынан 1 347 адамга ысык тамак-аш берилген.

Ал эми 112 кызматына өткөн сутка ичинде жалпы 5 755 чалуу катталып, анын ичинен 24 коронавирус боюнча чалуу түшкөн.

Дезинфекциялоо жумуштарын аткаруу, госпиталда жайгашкан жарандарга ыңгайлуу шарт түзүүгө (орундук, тамак-аш жеткирүү) ӨКМ тарабынан тарабынан 194 кызматкер жана 20 унаа тартылган.

Пикир

Оставить комментарий