• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ӨКМ тарабынан Жалал-Абад шаарында 107 стационардык орундук даярдалууда

Аймак 0

Бишкек, 04.07.20. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Жалал-Абад шаарында 107 стационардык орундук даярдалууда. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Республикалык штабдын чечимин аткаруу максатында ӨКМдин жетекчиси Замир Аскаровдун тапшырмасына ылайык, министрликтин Жалал-Абад облустук башкармалыгынан 60 куткаруучу жана бир техника тартылып, Жалал-Абад шаардын аймагында жайгашкан Раатбек Санатбаев атындагы спорт залында 75 орундуу, Динамо спорт аянтчасына 16 даана чатыр (32 орун) жарандарды күндүзгү стацанардык дарылоого ылайыкташтырылган орундуктар даярдалууда.

"Жалпысынан 107 орундук. Мындай аракеттер региондордо да ишке ашууда", - деп кабарлашты ӨКМден.

Пикир

Оставить комментарий