• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ӨКМ: Таш-Көмүр шаарында жоголгон баланы издөө иштери токтотулду

Коом 0

Бишкек, 31.12.19. /Кабар/. Таш-Көмүр шаарында жоголгон баланы издөө иштери токтотулду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, 27-декабрда 102 кызматынан 26-декабрь күнү Чүйүт-Сай айылынын тургуну 1992-жылы туулган эркек киши үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголгондугу тууралуу маалымат түшкөн.

30-декабрь күнү издөө иштерин улантуу үчүн КР ӨКМден 15 куткаруучу, ИИМден 5 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 10 киши тартылган.

Издөө натыйжа бербегендиктен, туугандарынын катынын негизинде издөө иштери токтотулду.

Пикир

Оставить комментарий