• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ӨКМ: Терек-Сай орто мектебинде өрт-тактикалык машыгуу өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 21.02.19. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын Чаткал райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Терек-Сай орто мектебинде өрт-тактикалык машыгуу өткөрүлдү.

Машыгууда окуучулар үчүн өзгөчө кырдаалдар жана өрт кырсыктары катталган учурда жабыркагандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүү, өрт техникалык шаймандардын ыкмаларын үйрөтүлгөн.

Кошумча машыгуунун алкагында мугалимдер жана окуутучулар үчүн өрт коопсуздук эрежелери боюнча лекция окулуп, өрткө каршы түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий