• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Өкмөткө мамлекеттик маанидеги документтерди чыгаруучу ишкананы түзүү тапшырылды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 2-июнь /Кабар/. Мамлекеттик маанидеги документтердин даярдалышы жана жайгаштырылышы жөнүндө мамлекеттик органдар менен мекемелердин маалыматын угуу жыйынтыгында Жогорку Кеӊештин КСДП фракциясы Өкмөткө Кыргызстандын өзүндө мамлекеттик маанидеги документтерди чыгара турган мамлекеттик ишкананы түзүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Депутат Аалы Карашев мамлекеттик маанидеги документтерди чыгаруучу ишкананы акциясынын 77,36 пайыз үлүшү мамлекетке таандык болгон “Учкун” басмаканасынын базасында уюштуруу сунушун берди. Ал үчүн Өкмөт республикалык бюджетке өзгөртүү киргизиши же дагы башка кошумча каржы булагын табышы керек.

Пикир

Оставить комментарий