• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ӨКМ: Өткөн сутка ичинде аткарылган иштер боюнча кыскача маалымат

Коом 0

Бишкек, 23.04.20. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өткөн сутка ичинде аткарылган иштер боюнча кыскача маалымат берди.

Ага ылайык, кечээ, 22-апрель күнү өлкө боюнча 36 605 чарчы метр имараттын ичи, 87 039 чарчы метр имараттын сырты, жалпы 123 644 чарчы метр аймак дезинфекцияланып, иш-чарага 188 куткаруучу тартылган.

Эскерте кетсек, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерге, маселен дүкөндөр, банктар, базарлар жана дарыканаларда жүргүзүлүүдө. Учурда иштер уланууда.

Ошондой эле Бишкек шаарындагы жана региондордогу обсервацияда жайгаштырылган жарандарга ӨКМ тарабынан күн сайын 3 маал ысык тамак-аш берилүүдө (меню алмаштырылып турат).

“112 ыкчам номуруна өткөн сутка ичинде жалпы 7545 чалуу катталып, анын ичинен 525 коронавирус боюнча чалуу түшкөн, нөөмөттөгү диспетчерлер суроолорго жооп беришүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий