• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ӨКМ: Өткөн сутка ичинде аткарылган иштер боюнча кыскача маалымат

Коом 0

Бишкек, 26.04.20. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өткөн сутка ичинде аткарылган иштер боюнча кыскача маалымат берди.

Ага ылайык, кечээ, 25-апрелде өлкө боюнча 27 778 чарчы метр имараттын ичи, 83 676 чарчы метр имараттын сырты, жалпы 111 454 чарчы метр аймак жана 759 850 погондук автоунаа жолдор дезинфекцияланып, иш-чарага 147 куткаруучу тартылган.

Эскерте кетсек, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерге, маселен дүкөндөр, банктар, базарлар жана дарыканаларда жүргүзүлүүдө. Учурда иштер уланууда.

Ошоной эле Бишкек шаарындагы жана региондордогу обсервацияда жайгаштырылган жарандарга ӨКМ тарабынан күн сайын 3 маал ысык тамак-аш берилүүдө (меню алмаштырылып турат).

“112 ыкчам номуруна өткөн сутка ичинде жалпы 6332 чалуу катталып, анын ичинен 337 коронавирус боюнча чалуу түшкөн, нөөмөттөгү диспетчерлер суроолорго жооп беришүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий