• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

ӨКМ: Өткөн сутка ичинде аткарылган иштер боюнча кыскача маалымат

Коом 0

Бишкек, 28.05.20. /Кабар/. Коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында өткөн сутка ичинде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) тарабынан аткарылган иштер боюнча кыскача маалымат:

- 2020-жылдын 27-май күнү өлкө боюнча 350 874 погондук метр автоунаа жолдор, 93 492 чарчы метр имараттар дезинфекцияланган;

- Бишкек шаарындагы жана региондордогу обсервацияда жайгаштырылган жарандарга ӨКМ тарабынан күн сайын 3 маал ысык тамак-аш берилүүдө ( меню алмаштырылып турат);

- өлкө боюнча санитардык-карантиндик жана блок-постторго ӨКМ тарабынан 120 даана чатыр жана 52 даана бир бөлмөлүү, 7 даана эки бөлмөлүү мобилдик турак үй орноштурулган;

- 112 кызматына өткөн сутка ичинде жалпы 6000 чалуу катталып, анын ичинен 135 коронавирус боюнча чалуу түшкөн.

- өлкөдө уюштурулган постторго, дезинфекциялоо жумуштарын аткаруу жана обсервацияда жайгашкан жарандарга ыңгайлуу шарт түзүүгө (орундук, тамак-аш жеткирүү) ӨКМ тарабынан 540 кызматкер жана 50 унаа тартылган.

Пикир

Оставить комментарий