• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

ӨКМ: Өткөн сутка ичинде аткарылган иштер боюнча кыскача маалымат

Коом 0

Бишкек, 18.04.20. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өткөн сутка ичинде аткарылган иштер боюнча кыскача маалымат берди.

Ага ылайык, 17-апрелде өлкө боюнча 88155 чарчы метр имараттын ичи, 247177 чарчы метр имараттын сырты, жалпы 335332 чарчы метр аймак дезинфекцияланып, иш-чарага 185 куткаруучу тартылган.

Эскерте кетсек, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерге, маселен дүкөндөр, банктар, базарлар жана даарыканаларда жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле Бишкек, Ош шаарларындагы жана региондордогу обсервацияда жайгаштырылган жарандарга ӨКМ тарабынан күн сайын 3 маал ысык тамак-аш берилүүдө (меню алмаштырылып турат).

“112 ыкчам номуруна өткөн сутка ичинде жалпы 7475 чалуу катталып, анын ичинен 456 коронавирус боюнча чалуу түшкөн, нөөмөттөгү диспетчерлер суроолорго жооп беришүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий