• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

ӨКМ: Өткөн сутка ичинде аткарылган иштер боюнча кыскача маалымат

Коом 0

Бишкек, 19.04.20. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өткөн сутка ичинде аткарылган иштер боюнча кыскача маалымат берди.

Ага ылайык, 18-апрелде өлкө боюнча 38 645 чарчы метр имараттын ичи, 131 370 чарчы метр имараттын сырты, жалпы 170 015 чарчы метр аймак дезинфекцияланып, иш-чарага 100дөн ашуун куткаруучу тартылган.

Эскерте кетсек, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерге, маселен дүкөндөр, банктар, базарлар жана дарыканаларда жүргүзүлүүдө. Учурда иштер уланууда.

Ошондой эле Бишкек шаарындагы жана региондордогу обсервацияда жайгаштырылган жарандарга ӨКМ тарабынан күн сайын 3 маал ысык тамак-аш берилүүдө (меню алмаштырылып турат).

“112 ыкчам номуруна өткөн сутка ичинде жалпы 6857 чалуу катталып, анын ичинен 576 коронавирус боюнча чалуу түшкөн, нөөмөттөгү диспетчерлер суроолорго жооп беришүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий