• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

ӨКМ: Өткөн сутка ичинде аткарылган иштер боюнча кыскача маалымат

Коом 0

Бишкек, 21.04.20. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өткөн сутка ичинде аткарылган иштер боюнча кыскача маалымат берди.

Ага ылайык, кечээ, 20-апрелде өлкө боюнча 43 236 чарчы метр имараттын ичи, 222 561 чарчы метр имараттын сырты, жалпы 265 797 чарчы метр аймак дезинфекцияланып, иш-чарага 205 куткаруучу тартылган.

Эскерте кетсек, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерге, маселен дүкөндөр, банктар, базарлар жана дарыканаларда жүргүзүлүүдө. Учурда иштер уланууда.

Ошондой эле Бишкек шаарындагы жана региондордогу обсервацияда жайгаштырылган жарандарга ӨКМ тарабынан күн сайын 3 маал ысык тамак-аш берилүүдө (меню алмаштырылып турат).

“112 ыкчам номуруна өткөн сутка ичинде жалпы 7470 чалуу катталып, анын ичинен 495 коронавирус боюнча чалуу түшкөн, нөөмөттөгү диспетчерлер суроолорго жооп беришүүдө”, - деп айталыт маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий