• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ӨКМ: Өткөн сутка ичинде аткарылган иштер боюнча кыскача маалымат

Коом 0

Бишкек, 09.04.20. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өткөн сутка ичинде аткарылган иштер боюнча кыскача маалымат берди.

Ага ылайык, 2020-жылдын 8-апрель күнү өлкө боюнча 1 045 600 погондук метр унаа жолдор дезинфекцияланды, жалпысынан 12077 орундук даярдалган. Ошондой Бишкек шаарындагы жана региондордогу обсервацияда жайгаштырылган жарандарга ӨКМ тарабынан күн сайын 3 маал ысык тамак-аш берилүүдө ( меню алмаштырылып турат), өлкө боюнча санитардык-карантиндик жана блок постторго ӨКМ тарабынан 120 даана чатыр жана 56 мобилдик турак-үй орноштурулган.

“112 ыкчам номуруна өткөн сутка ичинде жалпы 7800 чалуу катталып, анын ичинен 665 коронавирус боюнча чалуу түшкөн, өлкөдө уюштурулган постторго, дезинфекциялоо жумуштарын аткаруу жана обсервацияда жайгашкан жарандарга ыңгайлуу шарт түзүүгө (орундук, тамак-аш жеткирүү) ӨКМ тарабынан 415 куткаруучу жана 107 унаа тартылган”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий