• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ӨКМ: Тогуз-Торо районунда селдин кесепеттери жоюлду

Аймак 0

Бишкек, 03.06.20. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 2-июнь күнү саат 18:00 чамасында Тогуз-Торо районунун аймагында нөшөрлөп жааган жаандан улам сел жүргөн. Бул тууралуу КР ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Сары-Булуң айыл аймагынын Табылгыты айылынан 8 үйдүн огороддорун суу каптап, 1 турак үйгө коркунуч жаралган. Ошондой эле Кара-Суу айылынан 1 даана ички чарбалык көпүрөнүн асты тарабын сел жеп, көпүрө кыйшайып, автоунаа жүрүүгө мүмкүн болбой калган. Андан тышкары, бир үйгө коркунуч жаралып, 2 үйдүн огородун сел суулары каптаган. Ички чарбалык жол унаа каттамы үчүн убактылуу жабылган.

"Жерине атайын техника жана куткаруучулар, жергиликтүү тургундар тартылып, селдин нугу бурулуп, турак үйлөргө болгон коркунуч жоюлган", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Тогуз-Торо районунун Көк-Ирим айыл аймагынын Арал айылында 4 үйдүн огородун суу каптаган. Тогуз-Торо району боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 2 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 20 киши, Көк-Ирим айыл аймагынан 1 бирдик автожүктөгүч тартылып, селдин нугу бурулуп, чогулуп калган сел суулары тартылган.

Пикир

Оставить комментарий