• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ӨКМ: Тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда

Коом 0

Бишкек, 11.01.23. /Кабар/. Өлкө аймагында жаап өткөн жана күтүлүп жаткан карга байланыштуу кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар мирнистрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун 1-14-чакырымдарында (Өтмөк ашуусу), Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 55-107-чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-101, 113-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу) жана Красная-Горка-Акташ унаа жолунун 1-4-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий