• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

ӨКМ: тоолуу жолдорго кар көчкү түшүү коркунучу сакталат

Коом 0

Бишкек, 10-апрель /Кабар/. Күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун (Төө-Ашуу ашуусу) 121-138 чакырымдары, (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) 198-265-чакырымдары, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолундагы 75-110-чакырымдары, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 70-94-чакырымдары, Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдары, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун (Долон ашуусу) 289-291-чакырымдарында кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Шашылыш билдирүүнүн негизинде адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМи тарабынан телефонограмма чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилди жана уюлдук операторлор аркылуу элге СМС билдирүүлөр жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий