• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

ӨКМ: тоолуу жолдорго кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 24-апрель /Кабар/. 2017-жылдын 24-апрелинен 26-апрелине чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун (Төө-Ашуу ашуусу) 132-136 чакырымдары, (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) 198-265-чакырымдары, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 71-74-чакырымдары, Каракол-Энилчек унаа жолунун (Чон-Ашуу ашуусу) 45-92-чакырымдары, Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун (Барскоон жана Сөөк ашуусу) 60-68-чакырымындары, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун (Долон ашуусу) 289-291-чакырымдары, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун (Кара-Көө ашуусу) 67-94 чакырымдары жана Кочкор районунун Сары-Булак-Соң-Көл унаа жолунун (Калмак-Ашуусу) 33-чакырымы кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Шашылыш билдирүүнүн негизинде адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМи тарабынан телефонограмма чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилди жана уюлдук операторлор аркылуу элге СМС билдирүүлөр жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий