• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Өкмөттө 9-май Улуу Жеңиш күнүнүн 74 жылдыгын өткөрүү талкууланды

Коом 0

Бишкек, 26.04.19. /Кабар/. Өкмөттүн Аппарат Жетекчисинин орун басары Эмилбек Бусурманкуловдун төрагалыгы алдында 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 74 жылдыгын өткөрүү боюнча жумушчу кеңешме өттү.

1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 74 жылдыгын белгилөөгө арналган иш-чараларга даярдануу жана өткөрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан тиешелүү иш-чаралардын планы иштелип чыккан.

Кеңешменин жүрүшүндө тийиштүү министрликтердин жана ведомстволордун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилери 9-май Жеңиш күнүн майрамдоого даярдыктардын жүрүшүн талкуулашты.

Уюштуруу-даярдык көрүү иш-чараларына тиешелүү министрликтер жана ведомстволор тартылган. Майрамдык иш-чараларды өткөрүүдө коомдук коопсуздукту камсыздоого өзгөчө көңүл бурулат.

Жеңиш күнүн белгилөөнүн урматына 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун бардык ардагерлерине бир жолку кошумча жөлөк пул төлөнөт.

Бишкек шаарынын Жеңиш аянтында митинг-реквием, майрамдык концерт өткөрүлүп, советтик мезгилдеги аскердик техника көргөзмөсү уюштурулат. Борбор калаада жана аймактарда Жеңиш күнүнө арналган көргөзмөлөр, салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлмөкчү.

Негизги масштабдуу иш-чара – «Өлбөс полк» акциясы, ал салт боюнча Жеңиш күнүндө – 2019-жылдын 9-майында өтөт.

Мындан тышкары «тегерек үстөлдөр», жождордун студенттери үчүн лекциялар, жалпы билим берүү мекемелеринин окуучулары үчүн 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин катышуусунда класстык сааттар пландаштырылган.

Пикир

Оставить комментарий